КМШ оюндары. Кыргызстандын футзалчылары Азербайжанды  жеңди

Автор

Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы (U19) Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Азербайжандын командасын утту.

Мелдеште азербайжандык команда 5:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Оюндун биринчи минуталарында Азербайжандын командасы эсепти ачып, бирок, биринчи таймдын ортосунда Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Батырхан Жумадилов эсепти теңеп, биринчи голду киргизди. Андан көп өтпөй Жумадилов кайрадан атаандаштын дарбазасына экинчи голду киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү. Биринчи таймдын акыркы секундаларында азербайжандык футболчулар экинчи гол киргизди, ошентип эсеп 2:2.

Ал эми экинчи таймдын биринчи минуталарында кыргызстандык футболчу Канат Садыков эсепти 3:1 теңеп, үчүнчү голду киргизди.

Экинчи таймдын ортосунда Ислам Туратбеков 4 голду киргизсе, андан көп өтпөй Батырхан Жумадилов кайрадан топту атаандаштарынын дарбазасына тээп, эсепти 5:2ге жеткирди.

Кыргызстандын футзал боюнча командасы эртең, 9-августта Беларустун командасы менен оюн өткөрүп, ал эми 12-августта Өзбекстандын командасы менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Даректер

Бишкектин айрым жерлеринде бүгүн, 9-августта суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жайыл Баатыр көчөсү – Садырбаев көчөсү – Абдрахманов көчөсү – Шералиев көчөсү менен чектешкен аймакта саат 10:00дөн кечки 18:00гө чейин суу өчөт. Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга […]

Сизге жагышы мүмкүн