Быйыл кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде 452 медаль жеңди

Автор

2023-жылы кыргызстандык спортчулар ири эл аралык мелдештерде 452 медаль жеңди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.
Анын айтымында быйылкы жыл ата мекендик спорт үчүн тарыхый жыл болду. Жалпысынан 153ү алтын, 119у күмүш жана 180и коло медаль жеңишти.
Ошондой эле, бүгүнкү күндө кыргызстандык спортчулар Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарына беш жолдомо утуп алган. Алар балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Айсулу Тыныбекова жана суучул Денис Петрашов. Мындан тышкары, пара-дзюдочу Хайхон Хусан кызы жайкы Паралимпиада оюндарына жолдомо алды.
Бүгүнкү күндө ата мекендик спортчулардын алдыдагы эл аралык мелдештерге катышуусун каржылоого 1 млрд 682 млн сом каралган. Департамент бул суммадан тышкары дагы 300 млн сом сурап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Баткен облусунда жаңы курулган мектепти ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи. Президент […]

Сизге жагышы мүмкүн