Бүгүн Азия Кубогунун финалында “Иордания-Катар” беттешет

Автор

Бүгүн, 10-февралда Азия Кубогунун финалдык оюну өтөт. Финалда 16 команданын ичинен суурулуп чыккан Иордания жана Катар курама командалары беттешет.
Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. Ал эми Катар 2019-жылы да чемпиондукту жеңип алган. Иордания менен Катар буга чейин 17 жолу беттеш өткөргөн. Анда 10 оюнду Катар жеңсе, беш оюнда Иордания уткан, эки жолу тең чыккан.
Эске салсак, Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинки Азия Кубогу 2027-жылы Сауд Арабияда өтөт. 18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Олаф Шольц АКШдан окшошун жолуктурду

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШга официалдуу визит менен барган учурда өзүнө абдан окшош демократ-сенатор Крис Кунс менен жолугушту. Канцлер өзүнүн социалдык түйүндөрүндө Кунс менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү. Саясатчылар буга чейин эки жолу, 2021-жылы жана өткөн жылы жолугушкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн