Садыр Жапаров Баткен облусунда жаңы курулган мектепти ачты

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.
Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи.
Президент мектептен мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев сындуу улуу инсандар чыксын деп тилек кылды.
Мамлекет башчысы анын ичинде сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМК Башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык обьект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилип жатканын айтты.
Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызды жаңы үйлөрүнө киргиздик. Мында бир эле турак үйлөр эмес, бир топ социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана электр линиялары да жарактан чыккан болчу”, – деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 48,8 км жолду асфальттаганга үлгүргөндүгүн айта кетти. 38,6 км жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техника берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгилүү обончу Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында болмокчу. Башталышы саат 18:00дө. Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң […]

Сизге жагышы мүмкүн