БУУ Украинаны жарандык объекттерге кол салууларды токтотууга чакырды

Автор

Жарандык объекттерге кол салуулар токтотулушу керектигин БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжарик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгородго жасаган чабуулунан улам билдирди.
Биз Россиянын Белгород шаарына ракеталык чабуулдар тууралуу кабарларды көрдүк. Жарандарга жана инфраструктурага каршы чабуулдар эл аралык гуманитардык мыйзамдар тарабынан тыюу салынганын, кабыл алынгыс жана токтотулушу керектигин дагы бир жолу кайталайбыз», – деди Дюжарик брифингде.
Россиянын Коргоо министрлиги 15-февралда саат 12.30дар чамасында Белгород облусунун аймагынан Украинанын “РСЗО RM-70 Vampire” куралынан атылган 14 ракетасын абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын билдирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аткылоонун натыйжасында жети адам, анын ичинде бир бала көз жумса, 18 адам жарадар болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Ооганстан маселеси каралууда

Бишкекте Коопсуздук кеңештердин катчыларынын афган маселелери боюнча VI регионалдык диалогу өтүүдө. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышууда. Учурда Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Афганистан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен […]

Сизге жагышы мүмкүн