Бишкекте Ооганстан маселеси каралууда

Автор

Бишкекте Коопсуздук кеңештердин катчыларынын афган маселелери боюнча VI регионалдык диалогу өтүүдө.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышууда.
Учурда Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Афганистан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Афганистандагы татаал кырдаалды талкуулоонун актуалдуулугун баса белгилеп, аталган өлкө туш болуп жаткан чакырыктардын жана коркунучтардын кеңири спектрин белгиледи. Садыр Жапаров Афганистандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.
Биргелешкен аракеттер туурасында айтып жатып, Садыр Жапаров региондогу өлкөлөр тарабынан өз убагында, макулдашылган жана комплекстүү кадамдар афган багытында куралдуу тирешүүнүн очокторунун пайда болуу ыктымалын кыйла азайтууга мүмкүндүк бергендигин канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы эки тараптуу деңгээлде жана ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, ТМУ сыяктуу эл аралык уюмдардын форматтарында активдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу Афганистан маселелери боюнча кызматташуунун ишке жарамдуу модели калыптанганын айтып өттү.
Афган экономикасына токтолуп, президент Садыр Жапаров Афганистандын улуттук банкынын тоңдурулган активдери афган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди.
Президент Кыргыз Республикасы Афганистанга гуманитардык жардам, анын ичинде Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жана географиялык жактан обочолонгон, Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу аймактарында жашагандарга азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү улантып жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан $3 млн кайтарымсыз жардамга 120 тез жардам унаасын сатып алат

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жардам иретинде грант бөлмөк болду. Ага тез жардам унаалары сатып алынат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты. Кечээ, 15-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков жолугушкан. Москва шаарында өткөн жолугушуу учурунда 120 тез жардам унаасын сатып алууга […]

Сизге жагышы мүмкүн