Израиль Ливан менен Газага сокку урду

Автор

Израиль армиясы Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуулдан кийин Ливандын аймагына жана Газа тилкесине чабуулдарды баштады.
Al Hadath телеканалынын маалыматына караганда Ливандын Тир шаарынын аймагына Израилдин аба күчтөрү алты ракеталык сокку урган.
Газа тилкесинде эки туннел жана ХАМАСтын эки курал өндүрүүчү жайына сокку урулду.
6-апрелде Ливандан Израилдин түндүгүнө карай 34 ракета атылган, анын 25и “Темир Купол” абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөн. Андан соң Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө кандай болбосун душмандарга жооп берерин убада кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияда оор эмес кылмышка айыпталгандар  согушка аттанышы мүмкүн

Орусияда мындан ары согуштук кошуундарда кызмат өтөгүсү келген анча оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Орусиянын мамлекеттик Думасы сотторго, прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын кылмыш иштерин жабууга уруксат берген мыйзам долбоорун карамак болууда. Ал эми Орусиянын кылмыш-жаза кодекстинде атайын же, билбей жасалган аракеттер “анча оор эмес кылмыш” […]

Сизге жагышы мүмкүн