БУУ: Афганистанды калыбына келтирүүгө 93 миллион доллардай каражат керек

Автор

БУУнун маалыматы боюнча октябрда Афганистанда болгон жер титирөөлөрдөн 1500 адам каза болуп, 2000дейи жарадар болду.  3330дан ашык үй кыйраган.
Уюмдун эсеби боюнча, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 93,6 миллион доллар керектелет. Анын ичинен донорлор жана фонддор 15,5 миллион доллар жана 10 миллион долларды берүүгө макул болушкан.
Кыйраган имараттардагы урандылардын көп топтолушу суунун булганышына жана оорулардын чыгышына алып келиши мүмкүн.  Өлкөдө түнкүсүн суук болуп,  үйү бузулган адамдар имараттар урап калат деп кооптонуп, көчөдө уктап жатканын тактады.
7-октябрда Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен эки жер титирөө болду.  Герат провинциясынын төрт айылы биринчи күнү болгон жер титирөөлөрдөн негизги зыян тартты.  11-октябрда өлкө аймагында күчү 6,3 баллга жеткен дагы жер титирөө катталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Уулу Памирге гуманитардык жардам жиберди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган топ Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын жардам жеткирди. Гуманитардык жардам дары-дармектер жана ветеринардык препараттардын партиясынан турат. Педиатр, терапевт, […]

Сизге жагышы мүмкүн