Назарбаев менен Путин Москвада жолукту

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Москвага барган. Ал 19-декабрда Орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушууну ырастап, бирок, эмне жөнүндө сөз болгонун айткан жок. Орус басылмалары Назарбаев менен Путиндин жолугушуусу былтыр июнь айында да болгонун эс салып, анда экс-президент жеке кепилдиктерин сактап калуу үчүн Путинден жардам сурашы мүмкүн деп болжошкон.
Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 2019-жылы бийликти ошол кездеги сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Бирок, 2022-жылдагы “каңтар окуясынан” кийин экс-президенттин таасирине биротоло сокку урулуп, айрым талапташтары жана кээ бир тууган уругу камакка алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Салык кызматкери 200 миң сом пара менен кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алганда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныктады. Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. […]

Сизге жагышы мүмкүн