Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Автор

Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты 23-25-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 23-февраль, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылышы аземи: 23-февраль, саат 16:00.

Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КР Самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Электр чектелип, газ станциялары жабылды

Өзбекстан бүткүл өлкө боюнча 400 МВтка чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизди. Бул өлкөнүн энергетика системасында сууктан улам келип чыккан тартыштыкка байланыштуу. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен республикада 130дан ашуун метан газ станцияларынын иши убактылуу токтотулду. Метан Өзбекстанда автоунаалар үчүн эң популярдуу күйүүчү май болуп саналат. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика […]

Сизге жагышы мүмкүн