Чемпиондор Лигасынын финалына билеттер сатыла баштады

Автор

Стамбулда өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалынын билеттери сатылууда. Ататүрк Олимпиада стадионунда 2023-жылы 10-июнь ишемби күнү ойноло турган ири футболдук беттештин   эң арзан билет баасы 70 евро деп аныкталса, эң кымбаты 690 евро болуп сатыкка коюлду.

УЕФАнын маалыматы боюнча, 72 миң билеттин 47 миң 200ү сатууга бөлүнгөн жана “UEFA.com/tickets” аркылуу дүйнө жүзүндөгү күйөрмандарга сатылууда.

Квалификациялуу клубдардын ар бири 20 000 билет алышат, калган билеттер уюштуруу комитетине, УЕФАга жана улуттук ассоциацияларга, ошондой эле коммерциялык өнөктөштөргө жана телерадиокомпанияларга сакталат.

Билет баасы 70 евродон 690 еврого чейин.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын жарым финалында “Реал Мадрид” “Манчестер Сити” менен, ал эми “Милан” “Интер” менен беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Караматхон Абдуллаева колго түшүрүлдү

Ош окуясынын баштоочуларынын бири делген Караматхон Абдуллаева УКМК кызматкерлери жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Караматхон Абдуллаева ушул жылдын 22- апрелинде кылтакка илинген. Ага 2010-жылдагы июнь коогалаңынын баштоочуларынын бири катары айып тагылып, […]

Сизге жагышы мүмкүн