Бүгүн “Ак шумкарлар” ак формада ойношот

Автор

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешет.
Кыргыз футбол биримдиги “Ак шумкарлар” ак формада ойной тургандыгын билдирди. Оюн кечки саат 20:00дө башталат.
Эске салсак, 21-мартта Гаосюн шаарындагы «Наньцзы» стадионунда өткөн коноктогу мелдеште Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы 2-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган. Андагы голду Валерий Кичин менен Кай Мерк киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Көпүрө урап, унаалар сууга кулады

АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында көпүрө урап, бир нече унаа сууга кулап түшкөнүн WTOP радиостанциясы билдирди. Маалыматтарга караганда Мэриленд штатынын Балтимор шаарындагы Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнүн бир бөлүгү чоң кеме сүзүп урады. Анда өткөн бир нече унаа Патапско суусуна түштү. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы, суучулдар жана куткаруучулардан турган топ […]

Сизге жагышы мүмкүн