Электр чектелип, газ станциялары жабылды

Автор

Өзбекстан бүткүл өлкө боюнча 400 МВтка чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизди. Бул өлкөнүн энергетика системасында сууктан улам келип чыккан тартыштыкка байланыштуу.
Мына ушул жагдайларды эске алуу менен республикада 130дан ашуун метан газ станцияларынын иши убактылуу токтотулду. Метан Өзбекстанда автоунаалар үчүн эң популярдуу күйүүчү май болуп саналат. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада метан менен жүрүүчү унаалардын үлүшү 65 пайыздан ашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор коомдук талкууга коюлат. Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат: мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган […]

Сизге жагышы мүмкүн