Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Автор

Бишкекте бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында (эркектер жана кыз-келиндер) Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионатынын жабылуу аземи “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде болуп өттү.
Эркектер арасында 1-орунду – Никита Володин (Орусия), 2-орунду – Ернар Чимбаев (Казакстан), 3-орунду – Жанибек Казыбеков (Казакстан) жана 4-орунду – Дастан Лепшаков (Кыргызстан) багындырды.
Кыз-келиндер арасында алдыңкы төрт орунду орусиялык спортчулар ээледи, алар Диана Миронова, Лилия Панова, Марианна Ларченко жана Дарья Михайлова.
Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эске салсак, өлкө тарыхында алтынчы ирет бильярд спорту боюнча чоңдор арасында (эркектер жана кыз-келиндер) Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ага 20га жакын өлкөдөн келген 100дөн ашык кий чеберлери катышты. 27-февраль күнү башталган мелдештер 2-мартта жыйынтыкталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти. Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар: Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы; Бишкек— Нарын — Торугарт […]

Сизге жагышы мүмкүн