Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.
Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар:
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси),
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) .
ӨКМден жолдор тайгак болуп, муз тоңорун баса белгилешип, айдоочулардын эсине унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертишти.

Бөлүшүү:
Next Post

Телефон аркылуу алдагандар кармалды. Милициянын кайрылуусу

Бишкек шаарында телефон аркылуу алдамчылыкка шектелген 5 курьер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция акыркы күндөрү телефондук алдамчылык фактылары көп катталып жатканын белгилейт. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Telegram каналындагы топтордо жумуш […]

Сизге жагышы мүмкүн