56 жаштагы жапониялык чабуулчу дебют жасады

Автор

Япониялык чабуулчу Кадзуёси Миура Португалиянын экинчи лигасында “Оливейренсе” футболдук клубунун курамында дебют жасады.

Атактуу футболчу  29-турдун алкагында  конокто “Академика де Визеу” менен болгон беттешинде экинчи таймда кошумча убакытта алмаштырууга кирип, команда 4:1 эсебинде утуп алган. Миура 56 жаш, 1 ай 24 күн бою дебют жасады.

«Оливейренсе»  клубу учурда Португалиянын экинчи лигасында 29 матчтан 37 упай менен тогузунчу орунда турат.

Белгилей кетсек, 1997-жылы Миура Япония курама командасынын курамында Казакстандын курамасына каршы 1998-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо беттешине катышкан. Алматыдагы беттеш 1:1 эсеби менен аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 24-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 57 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  15 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн