Чемпиондор Лигасы: Палестинанын желегин көтөргөн күйөрман футбол талаасына  чуркап чыкты

Автор

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 4-турунда “Копенгаген менен Манчестер Юнайтеддин”  беттешинде Палестинанын желегин көтөргөн адам талаага чуркап чыкты.

Бул эпизод беттештин алгачкы мүнөттөрүндө болду. Бир киши талаага Палестинанын желегин башына кармап чуркап чыкты. Желекте “Газада балдардын өлтүрүлүшү токтотулсун” деп жазылган. Талаада бир нече секунддан кийин аны тартип сакчылары кармап алышты.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын үч турунан кийин “Копенгаген” бир упай топтоп, “А” тайпасында акыркы орунда турат.Өз кезегинде ушунча оюндардан кийин “Манчестер Юнайтед” үч упайга ээ болуп, үчүнчү орунда келе жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт

Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 15-ноябрда саат 10:00до К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Т. […]

Сизге жагышы мүмкүн