Лионель Месси “ПСЖ” клубунан кетти

Wp Pw
0 0
Read Time:36 Second

Француздук “Пари Сен-Жермен” клубунун  аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси сезондун аягында командадан кетерин жарыялады. Бул тууралуу “ПСЖ” клубунун сайтында жазылууда

Аргентиналык чабуулчу эки сезонду Франциянын борборунда өткөрүп, париждиктерге эки ирет улуттук чемпиондукту жеңүүгө жардам берген.

«Бул эки жыл үчүн клубга жана Парижге рахматымды айтам. Аларга келечектеги бардык жакшылыктарды каалайм», – деди Месси.

ПСЖнын президенти Насер Аль-Хелайфи да аргентинага ыраазычылык билдирди. “Анын Париж Сен-Жерменге жана Лига 1ге кошкон салымын баалоого болбойт жана биз Леого жана анын үй-бүлөсүнө келечектеги жакшылыктарды каалайбыз” деди Аль-Хелайфи.

Эске салсак, Лионель Месси 2021-жылы жайында “Барселона” менен келишими аяктагандан кийин эркин агент катары ПСЖга өткөн. Жалпысынан ал команда үчүн 74 беттеш өткөрүп, 32 гол киргизип, париждиктердин эки жолу Франция чемпиондугун жеңүүсүнө жардам берген.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионаты ачылды. Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда салтанатка  Президент Садыр Жапаров катышты. Өткөн жылы мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы “Дельфин+” пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу […]