Бишкекте балаты базары иштей баштады

Автор

Бишкектин Октябрь районунда балаты базары иштей баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган базар шаардын Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Базардан Тянь-Шань карагайын, көк карагай, арча жана башка түрлөрүн арзан баада алууга болот. Базар эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт.
“Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат. Сатып алуучулар бак-дарактарды ачык жерге көчүрө алышат. Көчөттү кантип туура отургузуу керектигин сатуу боюнча кеңешчилер айтып беришет”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык самбочу эл аралык мелдеште коло утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Байэл Жакшылыков Россияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спортчу 71 кг чейинки салмакта катышкан. Жалпы эки беттеш өткөрүп, жарым финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилген. Белгилей кетсек, Гран-при финал эл аралык мелдеши […]

Сизге жагышы мүмкүн