Кыргызстандык самбочу эл аралык мелдеште коло утту

Автор

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Байэл Жакшылыков Россияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 71 кг чейинки салмакта катышкан. Жалпы эки беттеш өткөрүп, жарым финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилген.
Белгилей кетсек, Гран-при финал эл аралык мелдеши 7-декабда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

9-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 9-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн