УКМК төрагасы Өмүрбек Бабановду мактады

Автор

“Садыр Жапаров башында болуп, бийликке келгенибизге 3 жыл убакыт өттү. Биз ошол күндөн баштап, 2 экс-президентти, 4 экс-премьер- министрди, 2 экс-спикерди, мамлекеттик кызматта иштеген адамдарды текшерип чыктык. Ошонун негизинде, “Кумтөрдү” алдык. Ошол жоопко тартылышы керек болгон адамдардын ичинде Өмүрбек да болгон”,- деп билдирди Камчыбек Ташиев.

“Өмүрбек капа болбошу керек. Биздин бекер мейманканабызда да жатып чыккан. Бирок, ошончо чиновниктин арасынан кылган кылмышынын жоктугуна байланыштуу берене менен Өмүрбек акталып чыкты. Эгер ал кылмышкер болгондо, мен келбейт элем”,- деди УКМК төрагасы Талас облусуна болгон иш сапары учурунда.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия жарандык алууну жеңилдетет

15-декабрдан тарта кесиптердин жаңы тизмеси күчүнө кирет. Анын ээлери Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат. Бул тууралуу РУДН университетинин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский билдирди. Ал өзгөртүүлөр Эмгек министрлиги тарабынан бир катар кесиптер боюнча кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында киргизилгендигин белгиледи.  Тизме мугалим, дарыгер, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын жумушчусу, […]

Сизге жагышы мүмкүн