Батыштын жардамысыз пенсия, маяналар кечеңдери айтылды

Автор

Евробиримдик менен АКШ 2024-жылдын башында каржылык жардам көрсөтпөсө, Украина миллиондогон жарандарына мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жана пенсиясын төлөөнү кечеңдетүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Украинанын экономика министри Юлия Свириденко Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Киев 500 миң мамлекеттик кызматкердин жана 1,4 миллион мугалимдин маяналарын төлөөнү, 10 миллион пенсионердин пенсиясын кечеңдетүүгө аргасыз болот.
Свириденко Евробиримдик Украинага каржылык жардамдын кезектеги пакетин февраль айында бекитип, марттын аягына чейин каражат берет деген үмүтүн билдирди. Бирок, ал белгилегендей, бул дагы эле жетишсиз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдеште 18 медаль утту

Кыргызстандын оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы эл аралык мелдеште 18 медаль утту. Анын 11и алтын, 5 күмүш жана 2 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Казакстандын Көкшетау шаарында 18-25-декабрь күндөрү өткөн. Алтын медаль ээлери: – 55 кг […]

Сизге жагышы мүмкүн