“Барселона” футболдук академиясы балдарды  кабыл ала баштады

Автор

Жалал-Абаддагы “Барселона” футболдук клубунун биринчи академиясы 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алууну жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоону жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды жана оюнчуларды жеринен кабыл алуу 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт.

Жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, академиянын окуучулары эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал жерде балдар европалык окутуу системасына боюнча билим алышат. Академияга кабыл алуунун башка шарттары менен жеринде таанышсаңыз болот.

Катталуу үчүн бул шилтемени басып, кененирээк маалымат алуу үчүн +996503440550, +996550045350, +996707 723 700 номерлерине кайрылыңыз.

 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Каныбек Ташиев көчөсү, 1. Сайт: https://barcaacademy.kg/

Бөлүшүү:
Next Post

Эмил Жусупов кесиптешине жооп бере алган жок

“Эмаком” курулуш компаниясынын тегерегиндеги чуу парламентке чейин жетти. Депутат Дастан Бекешев аталган компанияны айыптап, кардарлары акчасын төлөп же, үйүн же, акчасын алалбай жүрөт деп билдирди. “Эмаком” компаниясынын кардарлары укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоп, алданып калганын айтышууда. Ошентсе да, бардык айыптоолорго компаниянын ээси делген Жогорку Кеңештин  депутаты Эмил Жусупов ооз ачпай […]

Сизге жагышы мүмкүн