Достук оюндарын өткөрүү боюнча мыйзам жактырылды

Автор

Орусиянын Федерация Кеңеши Бүткүл дүйнөлүк достук оюндарын өткөрүүнү жөнгө салган мыйзамды жактырды.
Документте IFA (International Friendship Association) – Эл аралык достук ассоциациясынын концепциясы киргизилет. Ал спорттук кызматташтыкты, мелдешти жайылтуу ошондой эле эл аралык деңгээлде спортту, маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Мындан тышкары россиялыктардын арасынан оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин өлкөнүн өкмөтү аныктайт деп белгилейт.
Эске сала кетсек, Достук оюндары 15-сентябрдан 29-сентябрга чейин Москва жана Екатеринбург шаарларында өтөт. Буга чейин WADAнын жетекчиси Витольд Банка Достук оюндарын өткөрүүгө каршы пикирин билдирип, пранкерлер менен сүйлөшүүдө бул иш-чарага кийлигишүүнү пландап жатканын мойнуна алган.

Бөлүшүү:
Next Post

20-апрелге карата аба ырайы

20-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы […]

Сизге жагышы мүмкүн