Кыргызстандын таэквондочулары Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Автор

Кыргызстандын таэквондочулары таэквондо WT боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионат 2-8-сентябрь күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өткөн. Ага 30 өлкөдөн 300гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын таэквондочулары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу беделдүү турнирдин жеңүүчүлөрү болушту. Алар: Абдулазим Абдурахимов 78 килограммдан жогорку категорияда коло медаль, Айзирек Курманбекова коло, ал эми Богдан Пягай күмүш медалдын ээси болду.

Аталган спортчулардын машыктыруучулары: Азим Таджибаев, Дмитрий Ли, Адилхан Абдрахимов жана Искендер Осмонов.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги министрлер кабинетинин жетекчилиги астында  бүгүн, 16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу ишембилик өткөрүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. […]

Сизге жагышы мүмкүн