Эмил Жусупов кесиптешине жооп бере алган жок

Автор

“Эмаком” курулуш компаниясынын тегерегиндеги чуу парламентке чейин жетти. Депутат Дастан Бекешев аталган компанияны айыптап, кардарлары акчасын төлөп же, үйүн же, акчасын алалбай жүрөт деп билдирди. “Эмаком” компаниясынын кардарлары укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоп, алданып калганын айтышууда. Ошентсе да, бардык айыптоолорго компаниянын ээси делген Жогорку Кеңештин  депутаты Эмил Жусупов ооз ачпай келет. Ал кесиптеши Дастан Бекешовго да жооп бере алган жок. Кардарлары анын депутат болуп отурууга акысы жок экенин билдиришүүдө. Дарегине айтылган сын пикирден улам Эмил Жусупов чүнчүп кеттиби?

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде 48,2 млн сомго муниципалдык базар курууга тендер жарыяланды

Баткен шаарынын мэриясы базар курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган. Тендердин баасы 48 млн 215,9 миң сомду түзөт. Бул акчага төмөнкү дарекке муниципалдык базар куруу пландалууда. Баткен шаары, “Чет-Булак”, А кварталы, 1-бөлүк. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн