Байден Навальныйдын өлүмүнөн кийин кайрылуу жасады

Автор

АКШ президенти Жо Байден орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын өлүмүнөн кийин сөз сүйлөдү. Анын айтымында, болгон окуяга Путин жооптуу. «Шексиз. Путин Навальныйдын өлүмүнө жооптуу, болгон жана болуп жаткан окуялар Путиндин ырайымсыздыгынын дагы бир далили”,-деди Байден. Америка президенти Навальныйды эр жүрөк жана өз ишине берилген адам катары мүнөздөдү. “Ал эр жүрөк. Ал принципиалдуу болгон. Мыйзам үстөмдүгү болгон Россияны курууга бел байлаган»,-деди Байден.
Навальныйдын өлүмү тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен менен Евробиримдиктин Жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. “Россиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу бүгүнкү билдирүүлөр бизди таң калтырды жана капа кылды. Биздин оюбуз анын жубайы Юлия Навальный, анын үй-бүлөсү жана Россияда жана анын чегинен тышкары жердеги бардык Россиянын демократиялык жана тынчтык келечегине ишенгендерде. Аны эркиндик үчүн күрөшкөн адам катары урматтайбыз»,-деп айтылат билдирүүдө.
Алексей Навальный колонияда көз жумду. Ал 47 жашта болчу.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков оппозиционердин өлүмү боюнча комментарий берди. Анын айтымында, дарыгерлер өлүмдүн себебин аныкташы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат каржы министрлигин сынга алды

“Ковид учурунда Эл аралык Банк бизге жардам берген. Ошондо онлайн семинар болуп, ага мен да катышкамын. Бизден “эмне жардам керек деп сурашканда”, биз ишкерлерге пайызсыз кредит керек экенин айтканбыз”,- деди депутат Элдар Абакиров. Депутаттын айтымында, Эл аралык Банк кыргыз ишкерлери үчүн 150 млн доллар пайызсыз кредит берген. Бирок, 4 жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн