Кытай Байдендин сөздөрүнө реакция кылды

Автор

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги лидер Си Цзиньпинди диктатор деп атаган АКШ президенти Жо Байдендин акыркы сөздөрүнө нааразылык билдирди.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин «Америкалык тараптын билдирүүлөрү өтө абсурд, өтө жоопкерчиликсиз, фактыларга карама-каршы, дипломатиялык этикетти одоно бузган, ачык саясий провокация. Кытай катуу нааразычылыгын билдирет”,-деди ал.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга болгон иш-сапарынан бир күн өткөндөн кийин Жо Байден Си Цзиньпинди диктатор деп атаган.
Блинкен менен болгон жолугушуусунда Си Цзиньпин АКШ-Кытай мамилелерине оң салым кошот деген үмүтүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду кайрадан Гиннестин рекорддор китебине кирди

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду дагы бир жолу Гиннесстин рекорддор китебинин сертификатына ээ болду. Бул ийгиликке Исландия менен болгон Европа чемпиондугунун тандоо оюндарынын алдында болду. Жолугушуунун өзү 1:0 эсебинде португалиялыктардын жеңиши менен аяктады. Жалгыз голдун автору 89-мүнөттө гол киргизген Криштиану Роналду болду. 38 жаштагы чабуулчу үчүн бул оюн улуттук курама үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн