Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди

Автор

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путин менен Россиянын Балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди. Соттун басма сөз кызматынын сайтындагы маалыматка караганда РФнын башчысы Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Россиянын аймагына мыйзамсыз депортациялоо жана мыйзамсыз өткөрүү боюнча айыпталууда. Кылмыштар 2022-жылдын 24-февралында жасалган.
Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова да украиналык балдарды Россияга мыйзамсыз депортациялаган деп айыпталууда.
Путин менен Львова-Белованы камакка алуу ордери прокурорлордун 2023-жылдын 22-февралында берген арыздарынын негизинде чыгарылган.
РФнын башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбай турганын эске салды. “Биз маселенин коюлушунун өзү эле чектен чыккан жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Россия, бир катар мамлекеттер сыяктуу эле, бул соттун юрисдикциясын тааныбайт. Демек, мындай түрдөгү чечимдер Россия үчүн жараксыз болуп саналат”,-деди Дмитрий Песков.

Бөлүшүү:
Next Post

Чемпиондор лигасы: Чейрек финалисттери белгилүү болду

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштары белгилүү болду. Чүчүкулак тартуу аземи Швейцариянын Ньон шаарында өтүп, командалар жуп-жуп болуп бөлүштүрүлдү: “Реал” (Испания) — “Челси” (Англия); “Манчестер Сити” (Англия) — ”Бавария” (Германия); “Интер” (Италия) — “Бенфика” (Португалия); “Милан” (Италия) — “Наполи” (Италия). Чейрек финалдын алгачкы оюндары 11-12-апрелде, жооптук беттештер 18-19-апрелде […]

Сизге жагышы мүмкүн