Депутат каржы министрлигин сынга алды

Автор

“Ковид учурунда Эл аралык Банк бизге жардам берген. Ошондо онлайн семинар болуп, ага мен да катышкамын. Бизден “эмне жардам керек деп сурашканда”, биз ишкерлерге пайызсыз кредит керек экенин айтканбыз”,- деди депутат Элдар Абакиров.
Депутаттын айтымында, Эл аралык Банк кыргыз ишкерлери үчүн 150 млн доллар пайызсыз кредит берген. Бирок, 4 жылдан бери ошол каражат ишкерлерге берилген эмес. “Бул жерде каржы министрлиги тарабынан жетишсиз иштер болуп жатат. Мен суранат элем, банктарды чакырып, ошол каражатты ишкерлерге кыска мөөнөттө таратыш керек. Анткени, ишкерлердин иши жүрбөсө, өкмөттүн да, бюджеттин да, иши жүрбөй калат”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Искендер Матраимов мандатын тапшырбайт

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзү жөнүндө айтылгандарга жооп берди. “Мен эч жакка качкан жокмун. 4 -февралдан 9-февралга чейин Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо Кыргызстандын атынан көзөмөлчү катары катышып келдим. Мандатымды тапшырайын деген оюм жок. Анткени, мага 25 миң адам добушун берген. Учурда депутаттык милдеттеримди аткарып жүрөм”,- деди. Бирок, коомчулук анын […]

Сизге жагышы мүмкүн