Украинада мобилизация боюнча жаңы мыйзам даярдалды

Автор

Украинанын Жогорку Радасы мобилизация боюнча жаңы мыйзамды даярдап жатат. Бул тууралуу Украина парламентиндеги “Элдин кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия Telegram баракчасында билдирди.

Депутаттын айтымында, документте ротация жана демобилизация кандай жүргүзүлөөрү, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнө (АКК) канча жаштагы адамдар чакырыла тургандыгы тууралуу маалымат камтылышы керек.

Фракция башчысы белгилегендей, мыйзам долбоору биринчи жана экинчи топтогу майыптарды, туткундан кайтып келгендерди жана онкологиялык оорулууларды кызматтан бошотуу маселелерин карайт. Документ Башкы штабдын жана республиканын Коргоо министрлигинин катышуусунда иштелип жатат.

Буга чейин аймактык жалдоо борборунун өкүлү Украинада эркектердин 99 пайызы аскерден качкандар экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын  ичинен 290нун имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды. Бул бала бакчаларда наристелер […]

Сизге жагышы мүмкүн