Альпинист Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди

Автор

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу альпинист Илим Карыпбеков кабарлады.
«Жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Дүйнө рекордунун ээси болуп планетада бир ууч эле адам таанылат. Сиз ошонун бири болуп калдыңыз» , — деди ал.
Эске салсак, Эдуард Кубатов атайын кызматтын отставкадагы подполковниги. 2013-жылдын 3-февралында ал мүчө болгон альпинизм экспедициясы Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең эмнеге “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт? ИИМдин түшүндүрмөсү

Кыргызстанда эртең, 9-Май — Улуу Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында түшүндүрмө берди. .Анын айтымында, мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. «Мен жарандардан бул чечимди кайгылуу кесепеттерге алып келе турган […]

Сизге жагышы мүмкүн