Килиан Мбаппенин ордуна ким келиши мүмкүн?

Автор

Франциянын “Пари Сен-Жермен” футболдук клубу “Ливерпуль” клубунун чабуулчусу Мохамед Салахты сатып алуучулардын тизмесине киргизди. Ал Килиан Мбаппенин ордуна келиши мүмкүн.
Париждиктердин Египеттик оюнчуга мындай кызыгуунун L’Equipe басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Салах сатып алуу үчүн артыкчылыктуу оюнчулардын катарына кирбейт, бирок дагы эле потенциалдуу сатып алуу катары каралууда.
Буга чейин ЖМКлар ПСЖ италиялык «Наполи» чабуулчусу Виктор Осимхенге кызыгып жатканын жазып чыгышкан. Ал кийинки трансфер терезесинде кол коюу үчүн артыкчылыктуу оюнчу болуп саналат.
Эске сала кетсек, Мбаппе Парижде алты жыл ойногондон кийин клубун алмаштырып, “Реалга” кетүүнү көздөп жатат. Кечээ Килиан буга чейин Реал Мадрид менен келишим түзүп, жайында расмий түрдө алардын жаңы оюнчусу болоору белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарада 21 өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн