Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Автор

Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт комплексинде өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

кыздар арасында — 48, 52, 57 63, 70, 78, +78 кг;
балдар арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Ахрор Иминов апрелге чейин камакта калды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов 4-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Биринчи Май райондук соту билдирди. Буга чейин анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган. […]

Сизге жагышы мүмкүн