Криштиану Роналду дүйнөлүк рекордду жаңылады

Автор

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду улуттук курама команда үчүн расмий оюндарда эң көп гол киргизген футболчу болуп калды.

37 жаштагы чабуулчу “Евро-2024”  тандоо турунда Лихтенштейн менен болгон беттеште (4:0) дубль жасаган. Анын айып соккусунан киргизген экинчи голу ага эл аралык деңгээлдеги расмий оюндарда 100 гол киргизген биринчи футболчу болууга мүмкүндүк берди.

Атактуу футболчу  “Алтын топ”  сыйлыгынын беш жолку ээси, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону, Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү. Португалиялык футболчу улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын, Чемпиондор Лигасынын, Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жана Реал Мадриддин тарыхында эң мыкты бомбардири болуп саналат.

Футболчу карьерасында англиялык “Манчестер Юнайтед”, португалиялык “Спортинг”, испаниялык “Реал Мадрид” жана италиялык “Ювентус” клубдарында ойногон. 2022-жылдын декабрынан бери Роналду Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунда ойноп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндүк Корея суу астында өзөктүк куралы бар түзүм сынады

Түндүк Корея суу астындагы өзөктүк куралы бар учкучсуз түзүм сынады. Маалымат каражаттары радиоактивдүү цунами жаратууга жөндөмдүү түзүм колдонулганы, КЭДРдин лидери Ким Чен Ын жетектегенин жазышууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн