АКШ Тбилисиге Россия менен аба каттамдары боюнча эскертүү берди

Автор

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тбилисиге Россия менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдары калыбына келтирилсе санкциялар болорун эскертти.
Эгер Россия менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдары кайра жанданса, импорттук жана экспорттук көзөмөлдөгү учактарды тейлеген грузин авиакомпанияларына каршы санкциялардын киргизилиши мүмкүн деген кооптонууну жаратат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Россиянын президенти Владимир Путин 15-майдан тарта грузин жарандары үчүн визалык режимди алып салуу боюнча жарлыкка кол койгон. Президент дагы бир жарлыгы менен 2019-жылдан бери күчүндө болгон россиялык авиакомпаниялардын каттамдарына жана Грузияга турларды сатууга тыюу салууну жокко чыгарды.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили орус тараптын чечимдерин провокация катары баалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Курултайчыларга депутаттар каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президент сунуштаган Курултай жөнүндөгү мыйзамга каршылыгын билдирип, “силер президенттин башын айландырып, Башмыйзамга киргизип алгансыңар. Силер эмне кыласынар, колуңардан эмне келет”,- деди президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге. “Мен сунуш берем, курултайчылар 2 жылда 1 жолу кезигишип, кооз сөздөрүн сүйлөп кетишсин, бюджет бөлүнбөйт”,- деп билдирди. Парламентте талкууланып жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн