Шойгу дагы бир шаар көзөмөлгө алынганын айтты

Автор

Орус аскерлери Донецктин жанындагы Марьинка шаарын көзөмөлгө алышканын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен жолугушууда билдирди.
«Биздин аскер кызматкерлеринин чечкиндүү аракеттеринин аркасында аймактын чебин талкалады»,-деди Шойгу.
“Бул конуштун бошотулушу табигый түрдө Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн азайтат жана бул багытта мындан аркы аракеттер үчүн бизге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет”,-деп кошумчалады министр.
Владимир Путин өз кезегинде Марьинканы басып алуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнө кеңири операциялык мейкиндикке кирүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев базарлардагы шарттарды жакшыртуу зарылдыгын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлерине ыраазычылык билдирип, “эми базарлардагы шарттарды жакшыртуу зарыл”,- деп айтты. Ал Чүй облусунун Москва районундагы өзгөчө кызматтын жаңыдан бүткөрүлгөн имаратын ачып жатып, “эми дагы бир тапшырма бар. Базарлардын ичиндеги контейнерлердин кожоюндары менен иш алып барабыз. 5 тен 10 го чейин контейнерлери бар адамдар бар. Контейнерлердин […]

Сизге жагышы мүмкүн