Лионель Месси “Интер Майами” клубуна өттү

Автор

Франциянын “Пари Сен-Жермен” футболдук клубунан кеткенин жарыялаган Лионель Месси америкалык “Интер Майами” командасына өтөт. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.

Маалыматка ылайык, Америкалык клуб менен келишимде “Adidas” жана “Apple” сыяктуу бренддер менен да келишимдер бар.

Лионель Месси Европада дагы бир сезон калууну каалаган, бирок алгылыктуу сунуштар жетишсиз болгон. Жыйынтыгында ал «Интер Майами» менен Сауд Аравиясынын «Аль-Хилал» командасын тандоо алдында калды.

Белгилей кетсек, 35 жаштагы Лионель Месси дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу үчүн берилген “Алтын топту” жети жолу жеңип алган. Ал эми Аргентина курама командасы чемпион болгон дүйнөлүк чемпионатта ийгиликке жеткенден кийин быйыл дагы аны алат деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган Путин жана Зеленский менен сүйлөштү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина жана Россиянын жетекчилери менен телефон аркылуу Каховская ГЭСиндеги кыйроолор тууралуу сүйлөштү. Ал окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Түркиянын башчысы жардырууну иликтөө үчүн Украинанын өзүнүн, Россиянын, ошондой эле эл аралык коомчулуктун, анын ичинде БУУнун жана Түркиянын катышуусунда эл аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн