Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Автор

Кыргызстан Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат. 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар.
“Экинчи жардам кербенине Кыргыз Республикасынын президентинин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, биринчи “Жардам кербенин” өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.
Гуманитардык жардам 4 облуска жеткирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

G7 өлкөлөрү Иранды коркутту

Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Ирандын Израилге жасаган чабуулун айыптап, кырдаалды турукташтыруу үчүн аракет көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу расмий билдирүү Ак сарайдын сайтында жарыяланды. Билдирүүдө “Чоң жетиликтин” лидерлери Ирандын Израилге болгон “түз жана болуп көрбөгөндөй чабуулун” ачык жана катуу айыптайт. Чоң жетиликтин лидерлери Израилге жана анын элине толук тилектештигин жана […]

Сизге жагышы мүмкүн