Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңди

Автор

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды.

Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. 77 кг салмакта октагонго чыккан Мыктыбек Оралбай уулу атаандашы сербиялык Урош Медичти беттештин экинчи раундунда муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган.

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюму менен жалпы төрт беттешке келишим түзгөн.

Кыргызстандык мушкер эрежесиз мушташ боюнча жалпы 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун беттештерине Кыргызстандын атынан эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор чыгып жүрүшөт. Валентина Шевченко уюмдун беттештеринин алкагында жети жолу чемпиондук наамын коргоп калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 […]

Сизге жагышы мүмкүн