Айбек Осмонов жумуш орундарын түзүүгө үгүттөдү

Автор

Ош шаарында “Кыргыз Текстил” ишканасы ачылып, кадимкидей жолго коюлган. Ал жерде миңден ашык жумуш орундары түзүлгөн. Оштун “Кең-Сай” деп аталган аймакты шаарчага айлантып, коллеж, дарылануучу пункт, мектеп жана бала бакчалар салынган. Ишчилер үчүн атайын жатаканасы да бар. Ишкер Нурбек Осмонов менен депутат Айбек Осмонов мындай үлкөн ишкананы ачып, кыргыз өндүрүшүн жолго койду. Учурда миңдеген жумушчу орундарын түзүштү. Нооруз майрамын утурлай Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым министрлер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “Кыргыз Текстил” ишканасын зыярат кылышты. Алар иш ыргагы менен таанышып, өндүрүлгөн товарларды көрүшүп, өндүрүүчүлөр менен баарлашышты. Түштөн кийин жыйындар залында Кыргыз өндүрүшүнүн келечеги жөнүндө сөз болуп, депутат Айбек Осмонов “Кыргыз Текстилдин” багыты, алдыга койгон пландары жана максаттары тууралуу айтып берди. Ал өндүрүш кылууга, жумуш орундарын түзүүгө үгүттөп, өлкөнүн өнүгүүсү жалгыз өндүрүшкө көз каранды экенин белгиледи. Депутаттар болсо, мындай үлкөн өндүрүшкө таңдануусун билдиришип, Осмоновдорго ийгилик каалашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кашкулактардын айынан темир жол кыймыл токтоду

Нидерландияда кашкулактар темир жолдун астын казып салгандыктан, эки линияда кыймыл токтоду. Бардык поезддер шейшемби күнү түштөн кийин токтотулган. Улуттук темир жол компаниясы линия бир жумага жабыларын билдирди. Голландиялык темир жол тармагын тейлеген ProRail билдирүүсүндө, кашкулактардын айынан рельстер чөгүп кетиши мүмкүн. Андай болсо поезд кыймылынын коопсуздугуна кепилдик берилбейт. Кашкулактар Нидерландияда корголгон […]

Сизге жагышы мүмкүн