6-класстын окуучусунун өлүмү. Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу комментарий берди.
Министрлик кабарлагандай, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген.
“Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын китеп фондусу толукталды

Кыргызстандын китеп фондусу 19 млн 485 миң 725 нусканы түзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, 2023-жылы фонд 64 миң 895 нускага толукталган. Окурмандардын саны 1 млрд 223 миң 191 адамды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 миң 23 адамга көп болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн