Кашкулактардын айынан темир жол кыймыл токтоду

Автор

Нидерландияда кашкулактар темир жолдун астын казып салгандыктан, эки линияда кыймыл токтоду.
Бардык поезддер шейшемби күнү түштөн кийин токтотулган. Улуттук темир жол компаниясы линия бир жумага жабыларын билдирди.
Голландиялык темир жол тармагын тейлеген ProRail билдирүүсүндө, кашкулактардын айынан рельстер чөгүп кетиши мүмкүн. Андай болсо поезд кыймылынын коопсуздугуна кепилдик берилбейт.
Кашкулактар Нидерландияда корголгон жаныбарлар, ошондуктан оңдоо иштери башталганга чейин темир жол операторлору аларды көчүрүүгө же жашаган жерин бузууга уруксат алышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Зарна тынчсыздандырбаш үчүн эрежелерди сактаңыз

Зарна сизди тынчсыздандырбашы үчүн кээ бир эрежелерди сактаңыз   Жашооңузду өзгөртүңүз:   Тамактангандан кийин эңкейбеңиз; Тамактан кийин дароо жатпаңыз (1,5-2 саат күтүү керек); Эки жаздыкка уктоого болбойт; Тар кийимдерди, тар курларды, бинттерди же корсеттерди кийбеңиз; Оор көтөрбө; Тамеки таштоо; Ашыкча салмактан арылуу жөнүндө ойлонуңуз.   Диетаны өзгөртүңүз:   Өтө ысык […]

Сизге жагышы мүмкүн