Аптанасаат: Бата кайсы убакта адашат?

Автор

Орто бойлуу, ак саргыл тарткан, адеми кийинип, аярлана баскан, ак калпакчан чал автобуска илинер замат:

— Ассалому алейкум, — деп угуза дабыштады. Үнү бийик, доошу угумдуу, анын саламына эч ким үн катпаганда орус аял:

— Салам аликим, — десе болобу?

— Ыракмат, байбиче, мусулман динине өтпөсөң да дили тунук, ою учкул улуу журттун тукуму эмессиңби, “дай бог Вам здоровье”, — деп алкады. Бир даары бирин-бири карап күлүңдөдү, бир даары башын шылкыйта дымышты. Алдыда олтурган ак куба келин шак тура калды:

— Олтуруңуз, ата…

— Аксакалдарды көрсө, атып турган акылдуу жердин айнеги белемсиң, жарыгым, бак-таалайың артып, ушул басыгыңдан жазба. — Чалдын батасы автобустагыларга даана эшитилди. Жаш келиндин жүзү албырып:

— Эч нерсе эмес, — деди басыңкы дабыштап…

— Ээ жарыгым, батам барар жеринен адашып калбадыбы?

— Кандай десем оң болот, ата? — деп алиги келин уялыңкырап турду.

— Айтканыңыз келсин, же “Батаңыз кабыл болсун”, — деген эки сөздүн бирин айтсаң бата жүрөктүн толтоосуна уялап, бүчүр жарат…

— Айтканыңыз келсин, ата, калаада өскөндөр бирөөдөн ыракмат укса, “эч нерсе эмес” дегенди эле билебиз.

— Аныңда айып жок, жарыгым, “спасибо” дегенге “ничебо” деп көнгөнсүңөр. Силерге батаны бере билбеген жана аны кабыл алышты үйрөтө албаган айып бизде. — Карыя ушул сөздү айтып дымыды. Андан дагы кандай сөз эшитээр экенбиз дегендер өкүттө калышты.

Калканбай Ашымбаев

“Батакөй чал” философиялык этюддарынан

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев: “Мындан ары кылмышкерлерди колдогондорду да жазалайбыз”

“Азыр айтып жатышпайбы, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш уланыш керек деп. Биз ОПГны ооздуктабайбыз, түп тамыры менен жок кылабыз”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. “Мындан ары кылмыш дүйнөсү Кыргызстанда жашабашы керек. Эгер кайсы бир райондо кылмыштуу топтун мүчөлөрү калган болсо, ошол аймактын жетекчиси түздөн-түз жоопкер болот. Кыргызстанда эч кандай уюшкан […]

Сизге жагышы мүмкүн