I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын логотиби тандалды

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чаранын расмий эн тамгасы тандалды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалыматына караганда  аны жаш дизайнер Нуриза Көчкөнбаева иштеп чыккан.

Мындан ары бул логотип I Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий логотиби катары бардык иш-чараларда, маалыматтык булактарында пайдаланылат.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган кинофестивалдын логотибине сынак жарыялаган. Ага 16 креативдүү топ катышкан. Жыйынтыгында Нуриза Көчкөнбаева тарабынан жасалган логотип жеңүүчү деп табылган. Анда кинонун духу жана Кыргызстандын борбор калаасы болгон Бишкектин символикасы мыкты чагылдырылышы менен тандалып алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

G20 саммитине Кытайдан премьер Ли Цян катышат

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Индиянын Нью-Дели шаарында өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин 18-жыйынына катышат. Буга чейин Reuters агенттиги АКШ лидери Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Индиядагы G20 саммитине келбей калышы мүмкүн экенине өкүнүп жатканын жазган. Чоң жыйырмалыктын саммити Индиянын борборунда 9-11-сентябрь аралыгында өтөт. Жыйынга Россиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн