Абактагы Мадумаровдун абалы айтылды

Автор

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу  маалымат жыйында Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукова билдирди.

Мындан сырткары ал 15 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербегенин кошумчалады.

Дагы бир жактоочу Кубанычбек Туманов Мадумаровдун ден соолугу боюнча маалымат берип, анын жүрөгүнө стент койдуруу керектигин дарыгерлер айтышкандыгын кошумчалады.

«Мадумаровго жүрөгүн текшерген убактылуу медицинадык аппарат тагылган,  УКМКнын бейтапканасынын кардиологу тезинен операция жасоо керектигин айткан. Бирок биз ушул күнгө чейин Мадумаровду ооруканага чыгарып, ден соолугун карата албай жатабыз”, — деди Туманов.

 

Бөлүшүү:
Next Post

 Армениянын премьери Никол Пашинян  КМШ саммитине катышпайт

Армениянын премьери Никол Пашинян  КМШ саммитине келе албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон. Президенттин басма сөз кызматынан билдиргенине караганда телефон сүйлөшүүсүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет […]

Сизге жагышы мүмкүн