Бишкекте 9-май күнү “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт

Автор

Бишкекте Улуу жеңиш күнүн утурлай 9-май күнү “Өлбөс полк” жүрүшү болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, акция эртең менен саат 10:00дө Түштүк дарбазадан (“Жеңиш” паркы) башталат.

“Ардагерлердин портреттери менен, портрет жок болсо жакшы маанайда гүл көтөрүп алып катарга кошулуңуздар”, — деди уюштуруучулар.

Ош жана башка шаарлардагы жүрүш боюнча кийинчерээк маалымат берилет. Уюштуруучулар акцияны саясатташтырбоого чакырды.

“Өлбөс полк” — бул саясат жөнүндө эмес. Мында Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы түрдүү улуттагы фронтчулардын эрдиктери эскерилет. Акциянын уставында так ушул нерселер жазылган”, — деп билдирди уюштуруучулар.

Алар ошондой эле Улуу жеңишке тиешеси жок желектерди, символдорду колдонбоого чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн  эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн, 13-апрелде  эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алат. 13-14-апрель аралыгында жалпы 10 комплект медаль ойнотулат. Ал эми Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышат. Чучу кулактын жыйынтыгы:   Квалификация   57 кг   Алмаз Сманбеков (KGZ) vs. Мухаммад Билал (PAK)   Чейрек финал   61 кг   Тайырбек Жумашбек уулу (KGZ) […]

Сизге жагышы мүмкүн