“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды

Автор

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов курулуштун жүрүшү жана учурдагы абалы менен таанышты. Азыркы учурда аэропорттун курулушу өз мөөнөтүндө журүүдө, анда иштердин 80%га жакыны бүтүп калды. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтоп турат.
“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды сутканын каалаган убагында кабыл алууну камсыз кылуу максатын көздөйт”, – деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери аяктаса “Каракол” эл аралык аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1704 метр жогору жайгашкан, аэропорттун учуп-конуу тилкеси заманбап талаптарга ылайыкталып бүткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Газага парашют менен тамак таштады

АКШ Газа тилкесинин тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү боюнча биринчи операциясын аскердик учактар ​​аркылуу өткөрдү. Американын үч С-130 учагы БУУнун маалыматы боюнча, аз дегенде 576 миң адам ачарчылыктан бир кадам жакын турган аймакка 38 миңден ашык тамак жеткирди. Контейнерлер парашют менен түшүрүлгөн. 1-мартта АКШнын президенти Жо Байден Газага гуманитардык жардамды аба […]

Сизге жагышы мүмкүн