CAFA Кыргызстанды 3:0 эсебинде жеңүүчү деп тапты

Автор

Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун алган окуя боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.

CAFA чечимине ылайык:

Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;

Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Афганистандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;

Афганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим […]

Сизге жагышы мүмкүн