Футбол тарыхындагы эң мыкты 10 машыктыруучу аталды

Автор

«FourFourTwo» басылмасы футбол тарыхындагы эң мыкты он машыктыруучунун катарына СССРдин курама командасынын жана «Динамо» (Киев) командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Валерий Лобановскийди киргизген.

 

Биринчи орунду көп жылдар бою “Манчестер Юнайтедди” жетектеген сэр Алекс Фергюсон ээледи. Экинчи орунда “Аякс”, “Барселона” жана Голландия курама командасында иштеген Ринус Михельс турат. Алдыңкы үчтүктү Йохан Кройфф толуктады.

 

10 мыкты машыктыруучулар төмөнкүдөй:

 

Алекс Фергюсон («Манчестер Юнайтед»);

Ринус Мишельс (Аякс, Барселона);

Йохан Кройфф (Аякс, Барселона);

Билл Шенкли («Ливерпуль»);

Хосеп Гвардиола («Барселона», «Бавария», «Манчестер Сити»);

Арриго Сакки («Фиорентина», «Милан», Италия курама командасы);

Мэтт Басби (Манчестер Юнайтед);

Хеленио Эррера («Атлетико Мадрид», «Барселона», Италия курама командасы, «Интер»);

Эрнст Хаппел (Фейеноорд, Севилья, Гамбург);

Валерий Лобановский («Динамо» (Киев), Днепр, СССРдин курама командасы).

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Берлиндеги саммитке катышат

Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган “ГФР – Борбор Азия” саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын […]

Сизге жагышы мүмкүн